Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Одесса: төрт жыл мурдагы калабанын курмандыктарын эскерүү


Одессадагы кандуу кагылышта курман болгон Сергей Кокуринге тургузулган эстелик.
Одессадагы кандуу кагылышта курман болгон Сергей Кокуринге тургузулган эстелик.

Одесса шаарында төрт жыл мурун Киевди колдогон жана орусиячыл демонстранттардын кагылышында каза тапкан 48 кишини эскерүү болуп жатат.

Бүгүн миңден ашуун полиция жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү 2014-жылы Куликов талаасы менен Профсоюздар имаратында кандуу кагылыштар болгон жерге тартылды. Одессанын аймактык полициясы иш-чарага баргандар атайын текшерүүдөн өтүп киргизилип жатканын билдирди. 2500дөй полиция жана улуттук армиянын аскерлери шаардын көчөлөрүнө көз салууда.

Украинанын коопсуздук кызматы коммунисттик жана нацисттик эн-белгилерди көрсөтүүгө тыюу салынганын маалымдады.

2-майда орусиячыл жана Украинанын таламын талашкан активисттер эскерүү иш-чарасына чогулушат. Айрым учурларда мындай иш-чаралар кагылышуу менен коштолгон.

2014-жылы 2-майда Одесса шаарында Профсоюздар үйүндөгү кагылышуудан 48 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон эле. Бул окуя Украинада эмгиче араздашууга себеп болуп келатат.

XS
SM
MD
LG