“Дүйнөлөшүү шартында улуттук өзгөчөлүктү сактоодогу салттуу музыканын ролу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Бишкекте Улуттук илимдер академиясында бүгүн да уланат.
Кечээ башталган иш-чарада “салттуу музыкалык искусствону изилдөө” жана “маданият, искусство жана дүйнө тааным” деген маселелер каралууда.
Конференция Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата арналган жумалыктын алкагында өтүп жатат. Бул жумалык 21-апрелде башталган.
Анын алкагында салттуу музыка боюнча кароо-сынак, дастан айтышуу, күү күнү иш-чаралары өтүп, “Манасчы” даректүү тасмасы жана “Коркут” драмалары коюлду.
Бүгүн кечинде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Салттуу музыка жумалыгынын жабылыш аземине арналган оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство чеберлеринин жана кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти менен жумалык соңуна чыгат. (ErN)