Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайында аскадан учуп кеткен альпинист оор абалда ооруканага жеткирилди. Учурда Бишкектеги жеке бейтапканалардын биринде экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.
Кырсык тууралуу куткаруу кызматына 20-апрелде түнкү саат 11де кабар түшкөн. Кырсыктаган альпинист Швециянын жараны, 32 жашта экени кабарланды. (SE)