Талас облусунун район аралык сотунун чечими менен Талас шаарындагы 57 млн. сомдук көп кабаттуу үй тибиндеги имарат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, Мамлекеттик мүлк фондунун чет элдик инвестицияларды түз тартуу агенттиги 1996-жылы Таластагы “Накер” бут кийим фабрикасын жойгон.
Мекеме бул процедуранын алкагында фабрикага караган, Нуржанов көчөсүндөгү толук бүтө элек имаратты “Арашан” аттуу фирмага менчикке сатып жиберген.
Бул боюнча алып-сатуу документтерин 2017-жылы Талас облустук прокуратурасы текшерүүгө алып, имарат мыйзам бузуу менен жеке колго өтүп кеткенин аныктаган. Прокуратура өкмөттүн 1996-жылдын 15-августундагы токтомуна ылайык, имарат Талас шаардык администрациясына тиешелүү болгонун тактаган.
Натыйжада Талас облустук прокуратурасы сотко кайрылып, 2018-жылы апрель айында утуп алды. (ErN)