Бул көрсөткүч эл арасында "аял үйдө отуруп, күйөөсүнүн тилинен чыкпашы керек, аларга билимдин эмне кереги бар?" деген пикирлерге жем таштады.
Эксперттер билимдүү аялдардын ажырашууга бел байлаганы алардын үй-бүлө зомбулугуна каршы туруп, өз укуктарын коргоо аракетине байланыштуу экенин белгилешет. "Азаттыктын" "Аялзат" берүүсүндө ушул теманы талдоого алабыз.
"Аялдар эркекти укпай калды"
Самат бир нече жыл мурда келинчеги менен араздашып, эки айрылыш жолго түшкөн. Анын пикиринде, аял үй-бүлөнүн сакталышына жооптуу.
- Үйдө эркектин айтканы орундалып, аял киши андан бир тепкич ылдый турушу керек. Учурда аял менен эркек тең укуктуу деп коюп, ажырашуу көбөйүп кетти. Мен өзүм беш маал намаз окуйм. Куранда да "Аял күйөөсүнүн уруксаты жок үйдөн чыкпашы шарт" экени жазылган. "Отур" деген жерден жылбашы керек. Мисалы, күйөөсү алыска сапарга кетип баратып, "мен келгиче үйдөн чыкпа" десе каяша айтканга болбойт. Бирок айрым аялдар байы жокто базарга барып, курбуларынын үйүндө түнөп калып жатпайбы. Ошол нерсеге жол берилбеши керек эле. Күйөөнүн айтканынан чыкпаса, эч качан ажырашуу болбойт.
Билимдүү жана билим албаган аялдарга байланыштуу статистикалык маалыматтан кийин коомдун бир бөлүгү билимдүү аялдар үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдабай, өзүнө ишенгендиктен ажырашууга барат деген ойлорун ортого салды. Мугалим болуп иштеген Оксана бул тууралуу мындай пикирде:
- Билимсиз аялдар күйөөсү эмне десе ошонун баарын аткарып, "сеники туура" деп отурат да. Чынында азыр акча таап, үй-бүлө баккандар негизинен аялдар.
Бишкекте жашаган Мунира Кенжебаева да жогорку айтылгандарды колдойт:
- Билимдүү аялдардын талаптары, турмушка болгон көз карашы өзгөчө. Билимсиздер көбүнчө үйдө отуруп, коомдогу башка жашоону көп билбегендиктен, жолдошу жаман мамиле жасаса да, "жашоо ушундай турбайбы" деп унчукпайт.
Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?
Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?
Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ажырашкандардын саны жыл сайын 9 миңге жетет. 2017-жылы бул сан 9,5 миңден ашкан.
Пенсионер Дамира Жаманкулова ажырашуулар өлкөдө "көндүм адатка айланып баратат" деп кейиди:
- Илгери ажырашуу деген уят эле. Азыр бизнеске айланып калды. Көңүлүнө жакпай калдыбы, жашабай эле басып кетишет. Андай болбойт да. Турмуштун ачуу-таттуусуна чыдаш керек. Менимче, күнөө көбүнчө аялдан кетет. Көтөрүмдүүлүк, сабырдуулук жоголду. Акчанын айынан урушуп жатышат. Кыздардын көбү турмушка чыгарда "ушул жигит менен кантип жашап кете алам?" деп ойлонбойт. Анын үйү, машинеси бар бекен, ата-энеси кандай экен, карыганбы же жашпы деп сурашат. Жашоодо болуп жаткан окуяларды көрүп таң калам. Болбогон бир нерсеге таарынып кетип калгандар бар.
"Аялды сыйлоо жоголду"
Ошол эле кезде ажырашуулар үчүн айыпты кайра эркектердин өзүнө оодаргандар да жок эмес. Ардагер Назарали Исаков коомдогу бул көйгөйдү үй-бүлөнү камсыздоо милдетин алган намыскөй эркектердин азайып кеткени менен байланыштырды:
- Мас болуп ичип жүргөн эркектер көп. Ичип келет же аялын укпайт, эч кимге кулак салбайт. Мындан тышкары аялды аяп, аздектөө, аны сыйлоо деген түшүнүк жоголуп баратат. Ошол себептен үй-бүлөдө уруш чыгууда.
Исламда аялбы-эркекпи билим алышы керектиги жазылган. Эгер коомдун келечегин ойлосок, аялдар билимдүү болушу керек.Назира Курбанова
Ажырашууну көздөгөн кыз-келиндердин ичинде билимдүүлөр көптүгү тууралуу статистика светтик билимди сындап жүргөндөргө жаккан жок.
Алар соцтармакта кыздарды эрте турмушка берүү ойлорун бөлүшүп жатат.
Теолог Назира Курбанова "окубаган кыздар ажырашпайт" деген пикирди исламды түшүнбөгөндүк катары баалады:
- Мына биз жакында эле Ирандан келдик. Ал жакта аялдардын 60 пайызы жогорку билимдүү. Алар бир нече тил билет, машине айдайт, спорт менен машыгат. Ислам мамлекеттеринде ушундай алга жылуу болуп жатканда бизде "аял үйдө отурушу керек" деп кайра артка кетип жатабыз. Бул көз караш исламдыкы эмес. Эркектердин диний чаласабаттыгы, түшүнбөй эле динге кирип кеткени. Себеби, исламда аялбы-эркекпи билим алышы керектиги жазылган. Эгер коомдун келечегин ойлосок, аялдар билимдүү болушу керек. "Жалаң жогорку билимдүү аялдар ажырашып кетип жатат" дегенге мен макул эмесмин.
"Аялга билим берсең, элди билимдүү кыласың"
Акыйкатчы институтунун үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана гендер бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова билимсиз аялдардын дээрлик баары балага тарбия берүүдөн аксайт деп айтуудан алыс. Ошентсе деле аларга да билим керек деп эсептейт:
- Билимдүү аялдар жакшы үй-бүлө куруп, балдарына мыкты тарбия берет. Коомго жакшы инсанды тарбиялоого салым кошот. Ошол эле кезде билими жок аялдардын укуктарын да тебелегим келбейт. Алар деле колдон келген салымын кошуп жатат. Бирок билимдүү болушса жакшы болмок.
Кыргызстанда жогорку билимдүү кыз-келиндер агартуу, саламаттык сактоо тармагында көп иштейт.
Билим берүү тармагы боюнча эксперт Аскарбек Мамбеталиев эркектерге караганда аялдын билимдүү болушу үй-бүлө үчүн маанилүү деген ойдо:
- Эркекке билим берсең бир адамды билимдүү кыласың дейт, аялга билим берсең бир үй-бүлөнү, элди билимдүү кыласың. Андыктан билим берип караш керек. Бала тарбияны энеден алат. Эне сабаттуу болсо, өз билгенин балдарына үйрөтөт. Ошондуктан өлкөнү өнүктүрүүгө кызыккандар биринчи кезекте аялдардын билимине, аларды социалдык жактан коргоого көңүл бөлүшү керек. Угуп жүрөм. Азыр ислам дининде кыз баланын светтик билим алышына кызыгуу жок. Диний агитация кыла беришет. Бирок ал диний билим менен үй-бүлөсүн кантип багат? Биринчи кезекте кесипке ээ болушу керек да.
Гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаеванын билдирүүсүндө, бала тарбиялоо, ажырашуу көйгөйлөрү бири-бири менен тыгыз байланышта жана муну аялдардын билимдүү же билимсиздигине байлоо туура эмес.
Анын айтымында, ажырашуулардын алдын алуу үчүн мамлекеттик деңгээлде үй-бүлө куруу жоопкерчилигин күчөтүп, болочок муунга туура жол көрсөтүү абзел:
- Билимдүү жана билимсиз аялдын ортосунда бала тарбиялоодо айырма бар экенине көзүм жетти. Бизде үй-бүлөлүк зомбулукка да, эрте никеге да эски гендердик стереотипке негизделген тарбия шарт түзүп берип жатпайбы.
Ошол эле кезде Кыргызстан эгемендик алгандан бери сырттан окуп же сабакка барбай эле акчанын күчү менен окууну бүткөндөрдүн саны көп экенин эске алсак, институт, университеттерди аяктап, диплом алгандарды текши жогорку билимдүү деп атоого болбойт. Бул жааттан алып караганда, эки ажырым жолду тандаган аялдар арасында жогорку билимдүүлөр басымдуу деген маалыматтарды четке кагып, аны кагаз жүзүндөгү статистика катары сыпаттагандар да жок эмес.
Жарандык актыларды каттоо кызматкерлеринин маалыматына караганда, жубайлар көпчүлүк учурда "мүнөзүбүз төп келбей калды" деген себеп менен ажырашууга арыз жазат экен.