Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Cууну натыйжалуу пайдалануу жолдору талкууланып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги иш-чара Дүйнөлүк суу ресурстары күнүнө карата Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба агенттигине караштуу Таза суу менен камсыздоо департаменти, Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан өткөрүлүүдө.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, “Жаратылыш жана суу” темасындагы талкууга өкмөттүн жана тиешелүү мекемелердин, жергиликтүү бийлик, Дүйнөлүк банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, БУУнун өнүктүрүү программасы, Швейцария элчилигинин өкүлдөрү катышууда.

Анда айылдарды таза суу менен камсыздоо жана тазалык үчүн саркынды суу агызуучу система куруу маселеси козголду. Тиешелүү иштер камтылган стратегиянын бет ачары болду.

Быйыл январда Кыргызстанда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча “Таза суу" долбоорунун ордуна "Ала-Тоо булагы" деп аталган жаңы долбоор ишке кирген.

Ага чейин “Таза суу” долбоору он үч жыл иштеп, эл аралык донорлордон миллиондогон каражаттар келген. Бирок жаңы түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай калганы, тиешелүү иштер сапатсыз жасалганы, тендер коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону ачыкка чыккан.

"Ала-Тоо булагы" аттуу долбоор АРИС менен чогуу ишке ашырылганы жатат. Ага эл аралык донорлор каржы берет. Учурда өлкөдө 600дөн ашык айыл таза сууга муктаж.

Ал эми Дүйнөлүк суу ресурстары күнү жыл сайын 22-мартта белгиленет. Анын максаты – суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга чакыруу. (NT)

XS
SM
MD
LG