Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Түркмөнстанда шайлоо тууралуу репортаждар ага эки жума калганда даярдалган


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалдары өлкөдөгү парламенттик шайлоо тууралуу репортаждарды добуш берүүгө эки жума калганда даярдай баштаган. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашогуздагы өз булактары кабарлашты. Маалыматка караганда, кийин алар "шайлоо күнү тартылган" деп көрсөтүлмөк.

25-мартта Түркмөнстанда улуттук парламенттин, ошондой эле шаардык жана облустук кеңештердин депутаттары шайланды.

«Бюджетте иштегендерди чогултуп, шайлоо тилкелеринен репортаждарды тартышты. Шайлоо өткөрүүгө чакырылган адамдар камера алдында «добуш берүүгө жарандардын мынча пайызы катышты» деп алдын-ала айтып беришти», - деди окуяга күбө болгон жашоочулардын бири.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматтар жалган экенин билдирди.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы аймактардын жашоочулары өз округдарындагы талапкерлерди жакшы тааныбасын, ошондуктан алардын көбү шайлоого барбай тургандыгын айтышканын билдирген. Ал ортодо мамлекеттик ЖМКлар талапкерлер шайлоочулар менен «кызыктуу жана ачык жолугушууларды» өткөрүп жатышканын кабарлашкан.

Расмий маалыматтар боюнча жалпысынан парламенттик шайлоого 284 талапкер, анын ичинде президенттин уулу Сердар Бердымухамедов да катышты.

XS
SM
MD
LG