Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Сот жөлөк пул боюнча чечимди 26-мартта жарыяламай болду


Бишкек шаардык соту мамлекеттик жөлөк пулга байланыштуу жарандык активист жана адвокат Нурбек Токтакуновдун арызын карап, чечимди 26-мартта чыгара турганын билдирди.

Бул тууралуу Токтакунов «Азаттыкка» кабарлады. Активист мыйзам кабыл алып, кайра анын аткарылышын үч айга жылдыруу боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуш кылуу менен элдин укугу жана мыйзам бузулуп жатканын жүйө келтирип, өкмөттү сотко берген. Ал мыйзам кабыл алынганга чейин коомдук угуулар өтпөгөнүн сындап жатат. Шаардык сот активисттин арызын 22-мартта караган.

- Кодекстин бир беренесине шылтоо кылып чечимди дүйшөмбүдө угузабыз деди. Негизи бул боюнча дароо эле чечим чыгарыш керек болчу. Сот анын убактысын созуп, бийлик менен кеңешет го.

Токтакуновдун айтымында, сот процессине өкмөттөн, Социалдык өнүгүү министрлигинен эч ким катышкан жок. Буга чейин район аралык сот бул ишке анын тиешеси жок деген негизде ишти кароодон баш тарткан.

"Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Документ 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган. Үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө алар 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөк пул чегерүү камтылган.

Бул айда өкмөт “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамдын мөөнөтүн үч айга артка жылдырууну Жогорку Кеңешке сунуш кылган. Мыйзам колдоо тапса, жөлөк пулду жаңы мыйзамдын негизинде төлөө кечеңдейт. Бирок сүйүнчү төлөнө берет.

Жогорку Кеңеш 7-мартта “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзам долбоорду кароодон баш тарткан. Бирок айрым депутаттар "мыйзам чийки жана коомдук талкуудан, комитеттерден өткөн эмес" деп сындап чыгышкан. Натыйжада мыйзам долбоору күн тартибине киргизилген эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG