Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 13-мартта түнкү саат 22.40 чамасында Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында көлөмү 2,5 миллион куб кар көчкү түштү. Жол эки тарапка тең жабылды.
Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды. Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери Ош тараптан Бишкекти көздөй келе жаткан автоунааларды артка кайтарууда.
Токтогул районунун Арал постунда эки чатыр тигилип, жүргүнчүлөргө ысык чай уюштурулду.
Жалал-Абад облустук милициясы Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул райондорунда жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында блокпостторду орнотту. Азыр Кара-Көл шаарында 25 оор жүк ташуучу, 110 жеңил автоунаа, Токтогул районундагы "Арал" постунда 50 оор жүк ташуучу, 60 жеңил, Базар-Коргон районунда 5 оор жүк ташуучу, Сузак районунда 20 оор жүк ташуучу, жети жеңил машине токтоп турат.
Жол качан тазаланып бүтүп, ачылары кабарлана элек. (NT)