Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30

Кыргызстан жана Орусия аскерлеринен Бириккен топ түзүлөт


Райымберди Дүйшембиев жана анын орун басарлары Бишкектеги жыйында. 10-март, 2018
Райымберди Дүйшембиев жана анын орун басарлары Бишкектеги жыйында. 10-март, 2018

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү менен Орусиянын коргоо министрлигинин аскерлеринин Бириккен тобун (Объединенная группировка) түзүү боюнча иш-чаралар башталды. Бул маселе Бишкекте Башкы штабдын 10-марттагы кызматтык чогулушунда талкууланганын аталган органдын маалымат бөлүмү кабарлады.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиев анда эки өлкөнүн Бириккен тобунун аскерлерин даярдоо планын аткаруу талабын койду.

Жыйынга Башкы штабдын жетекчи орун басарлары, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук Гвардиянын, Абадан коргонуу, Кургактагы аскердик жана башка аскердик күчтөрдү башкарган мекеме башчылары катышты.

Мекеменин маалымат бөлүмү тараткан билдирүүдө Кыргызстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн куралган топ кайсы бөлүмдөрдөн жана канча кишиден турары, аны түзүүнүн максаты айтылган эмес.

Башкы штабдагы чогулушта мындан сырткары Коргоо күчтөрү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө жана тобокелдиктерге каршы туруу, Башкы Штабдын штаттык-уюштуруу иштериндеги өзгөрүүлөр жана жоокерлерди курал, аскердик техникалар менен камсыздоо маселелери да талкууланды. (ErN)

XS
SM
MD
LG