Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

АКШнын Флорида штатында курал боюнча жаңы мыйзам жактырылды


Курал сатууга көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылгандардын акциясы. Флорида, 17-февраль, 2018-жыл.
Курал сатууга көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылгандардын акциясы. Флорида, 17-февраль, 2018-жыл.

АКШнын Флорида штатынын мыйзам чыгаруучулары орто мектептерде иштегендерге курал-жарак көтөрүп жүрүүгө уруксат берген мыйзамды жактырышты.

Мындан 3 жума мурун бул штаттын Паркленд шаарынын мектебинде мурдагы окуучу ок атып, 17 кишинин канына забын болгон.

Жаңы мыйзам боюнча Флоридада 21 жашка чыга электерге курал сатууга тыюу салуу, балдарды коргош үчүн курал колдонууга уруксаты бар мектеп кызматкерлерин атайын курстардан өткөрүү каралган.

Жогоруда сөз болгон чечим Флоридада ата-энелер менен окуучулардын курал-жаракка көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылган өнөктүгүнөн кийин кабыл алынды. Мыйзам штаттын губернатору кол койгон шартта гана күчүнө кирет.

Жаңы мыйзамга каршы болгондор ал америкалыктардын конституциялык укугун чектейт деп эсептешет.

Расмий статистика боюнча АКШда курал менен байланышкан инциденттерден жылына 30 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылат. (АА/UE)

XS
SM
MD
LG