Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:26

"Жеңиштерим кыргыз элиме арналат"


Бусурманкул Абдубаит уулу.
Бусурманкул Абдубаит уулу.

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу Москвада эрежесиз эр урушта орусиялык атаандашын жеңип, күйөрмандарын кубантты.

Кыргызстандык Бусурманкул Абдубаит уулу орусиялык мушкер Максим Дивнич менен Москвада "M-1 Challenge 88" аттуу эрежесиз эр урушта беттешип, жеңишке жетти. Бул 24 жаштагы кыргыз мушкеринин эр уруштардагы онунчу жеңиши.

66 килограммга чейинки салмак чениндеги мушкерлердин таймашы "турнирдин башкы беттешүүсү" деп аталып калды.

29 жаштагы Максим Дивнич - Орусиядагы "M-1 Global" эр уруш чеберлеринин мурунку чемпиону. Бусурманкул тажрыйбалуу орус мушкери менен беттешүүгө эки ай даярданган.

- Мурунтан грэпплинг менен машыкчумун. 2015-жылдан тартып ММАга өтүп, ушул багытта машыгып, ошол эле маалда кесипкөй таймаштарга катышып келатам. Буга чейин тогуз жеңишим бар болчу, эки жолу утулгам. Максим Дивнич жөнүндө айтсам, биз эч качан утулабыз деп урушка чыкпайбыз, "жеңем" деген ишеним менен гана чыгабыз. Буга чейин эки айдан ашык даярдангам. Машыктыруучум - Кенжебек Чекиров агай.

Беттешүүдө.
Беттешүүдө.

Былтыркы "M-1 Challenge 86" турниринде Бусурманкул биринчи айлампада эле бразилиялык Диего Давеллди нокаут менен жыккан. Андан кийин Орусиядагы "M-1 Global" спорт уюму кыргызстандык мушкерди кызматташууга чакырган. Бул келишим боюнча Бусурманкул эми алдыдагы таймаштарга даярданып туран кези. Өзү "M-1 Global" чемпиондук курун алууга ынтызар.

- "M-1 Global" - дүйнөдөгү спорттук уюмдардын алдыңкы беш сабына кирген чоң уюм. Анын 20 жылдык тарыхы бар. Мен үчүн бул уюмдун алкагында таймаштарга чыгуу – сыймык! Келишим түзөөрдө бардык тарабынан кылдат карап чыкканбыз. Бардык шарттары туура келгендиктен макул болгом. Буюрса, 2020-жылга чейин беш беттешүүгө чыгам. "M-1 Global" чемпиондук курун алсам, андан ары да чоң ийгиликтерге жетсем деген тилегим бар. Ал жеңиштерди бир гана кыргыз элиме арнап келем!

Жеңиш.
Жеңиш.

Бусурманкул Ош облусундагы Чон-Алай районунда туулуп өскөн. Ал "FIGHTER KG" клубунда Кенжебек Чекировдун жетекчилиги алдында машыгып келет.

Жыл башында Бусурманкул Абдубаит уулу 2017-жылдын мыкты мушкери деп аныкталып, Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыгына ээ болгон.

"M-1 Challenge 88" турнири "Олимпийский" спорт аянтчасында 22-февралда өттү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG