Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу эки күндөн бери ачыла элек


Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда тартылган сүрөт. 17-февраль.
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда тартылган сүрөт. 17-февраль.

Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган жолдун 75-102-чакырым аралыктарындагы Тамчы тилкесинде 15-февраль күнү көлөмү 73000 куб метр кар көчкү түшүп, жол жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Ошондон бери ӨКМдин жана жол тейлөө башкармалыгынын техникалары көчкүнү тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бүгүн эртең менен сегизден баштап көчкү түшкөн жерге Кара-Кулжа районундагы №26 ЖТБнын эки бульдозери жана үч жүктөгүчү, ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тарабынан төрт кызматкер тартылган.

№26 ЖТБнын башчысы Бактыбек Аттокуров жол ачылганы калганын, кайра-кайра түшкөн көчкү жолду жаап калып жатканын айтты.

Аталган мекемелерден билдиришкендей, бул жолдо кар көчкү коркунучу жогору болуп жаткандыктан Кара-Кулжа райондук акимиатынын буйругу менен каттоого чектөө киргизилиши да мүмкүн. (ErN)

XS
SM
MD
LG