Ачкачылык кармагандардын тарапкерлери митингге чыкты
Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтары, жакындары Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар президенттен жана соттордон бул саясатчыларга көңүл бурууга жана алардын ишин калыс кароого үндөштү. Чогулгандар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылышты.