Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:59

Бишкек ЖЭБинин директору кызматынан убактылуу четтетилди


Нурлан Өмүркул уулу.
Нурлан Өмүркул уулу.

Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулу кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу “Улуттук энергохолдингдин” басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, ЖЭБдеги авариялар иликтенип бүткүчө Нурлан Өмүркул уулун кызматынан четтетип туруу жөнүндө чечим “Улуттук энергохолдингдин” бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Анын милдетин ГЭСтерди куруу ишканаларынын башкы инженери Таалай Бектенов аткарат.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январда иштен чыккан. Бир нече күнгө созулган авариядан улам шаардын бир топ районуна жылуулук жетиштүү барбай калган. Ал эми бир топ абоненттер үйлөрү дале жылыбай жатканын билдирип жатышат.

Буга байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоев менен Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматына байланышкан маселени карап чыгууну 31-январда «Улуттук энергохолдинг» компаниясына тапшырган.

“Улуттук энергохолдинг” ААК билдиргендей, Бердибек Боркоевдин кызматы боюнча чечим кабыл алынган жок.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары жылуулук маселесин талкуулаган жыйында "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси “Айбек Калиевди да иштен алыш керек деген ойлорун айтышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG