Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:28

Жогорку сот Чыңгыз Жумагуловду кайра камоо жөнүндө чечим чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эки апта мурун эркиндикке чыккан, "Дөө" деген каймана ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов кайра камакка алынды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф Жогорку сот ушундай чечим чыгарганын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Жогорку сот Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу боюнча ишти карап, Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Айыпталуучу бүгүн №3 колонияга киргизилди.

Бишкектин Ленин райондук соту 17-январда кримчөйрөдө "Дөө" деген каймана ат менен таанымал, уюшма кылмыш тобунун жигердүү мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон.

"Азаттык" бул резонанс туудурган окуянын чоо-жайын кеңири иликтеп чыккан болчу.

Жумагулов 2016-жылы жайында камакка алынган жана ага "киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылган. (SE)

XS
SM
MD
LG