Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Акыйкатчы: Кыргызстанда миллион киши таза сууга муктаж


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Кыргызстанда 6 миллион элдин 1 миллионго жакыны таза суу менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев бүгүн “Жарандардын таза сууга жана санитарияга жетүү укугу” деп аталган баяндамасын талкуулап жаткан учурунда билдирди. Бишкектеги жыйын USAID жана "Freedom House" уюмунун колдоосу менен уюштурулду.

Оторбаевдин айтымында, өлкөдө 1891 айыл болсо, ошонун 400дөн ашыгында таза суу жок. Буга чейин эл аралык донорлор, Дүйнөлүк банк сыяктуу каржы институттары таза сууга чоң акча бөлгөн. Бирок алар берген 69 миллион доллар натыйжалуу сарпталган эмес. Мындай алешемдиктер боюнча Башкы прокуратура, Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, бир топ кылмыш иштери козголгон. Мамлекетке 6 миллион 372 миң сом кайтарылган.

- Биздин кызматкерлер жети облустагы абалды көрүп чыгышты. Аймактар өнүкмөйүнчө, элдин жашоосу жакшырмайынча Кыргызстан оңолбойт. Калктын ден соолугун чыңдап, өмүрүн узартуудагы маселе - таза суу. Кыргызстан суунун башында, Борбор Азиядагы эң мыкты жерде жайгашкан. Ошого карабай маселенин ушул күнгө чейин чечилбей келгени жарандардын укугу бузулуп жатканынан кабар берет. Биз "такыр жумуш жасалган жок" деп айтпайбыз. Өкмөт атайын программаларды иштеп чыккан. Бирок аларды ишке ашырууда кемчиликтер бар, - деди Оторбаев.

Акыйкатчынын баяндамасы Кыргызстандагы бардык аймактардын жашоочуларынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жана статистикалык маалыматтардын негизинде даярдалган.

Буга чейин өкмөт Кыргызстанда 1813 айыл бар экенин, анын 631инде таза суу тартыштыгын билдирген. (NT/AiA)

XS
SM
MD
LG