Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Майк Пенс Израилдин президенти менен жолугушту


Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс Израилдеги Батыш дубалга (Иерусалим шаарынын байыркы бөлүгүндөгү ыйык жай) барды.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс Израилдеги Батыш дубалга (Иерусалим шаарынын байыркы бөлүгүндөгү ыйык жай) барды.

Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс Израилдеги Батыш дубалга (Иерусалим шаарынын байыркы бөлүгүндөгү ыйык жай) барып, андан соң өлкө президенти Реувен Ривлин менен жолугушту. Анын Иерусалимдин байыркы бөлүгүнө барышы израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы чыңалуу курчуп турган маалга туш келди. Палестина АКШ президенти Доналд Трамптын Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимин айыптап келет.

Дүйшөмбүдө Пенс израил парламенти-кнессеттин депутаттарына кайрылуу жасап, андан соң өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккан. Пенс Иерусалимде АКШнын элчилигин 2019-жылдын соңуна чейин ачуу керектигин билдирди.

Вице-президент Жакынкы Чыгышка жасаган биринчи сапарынын алкагында Египет, Иордания жана Израилде болду.

XS
SM
MD
LG