Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Сауд Аравия жалгыз саякаттаган аялдарга виза бере баштайт


Cауд аравиялык аял
Cауд аравиялык аял

Сауд Аравиянын бийлиги 25 жаштан өткөн, эркектердин коштоосуз саякаттаган аялдарга 30 күнгө чейин виза бере баштайт. Жаңы эреже үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынан тарта ишке кирет.

Сауд Аравиясына аялдар күйөөсүнүн же эркек тууганынын коштоосунда гана бара алышат. Эми мындай чектөө 25 жашка чейинки кыз-келиндер үчүн гана сакталып калат.

Сауд Аравиясынын мамлекеттик туризм комиссиясы мындай эреже саякатчыларды тартуу үчүн жасалып жатканын билдирет.

Бул өлкөдө ханзаада Мухаммед бин Салмандын демилгеси менен бир нече айдан бери реформалар жүзөгө ашырылып жатат. Октябрь айында аялдарга машине айдоого жана коомдук жайларга барууга уруксат берилген.

Өткөн жылдын этегинен тарта 35 жылдан бери биринчи жолу кинотеатрлар кайра ачылды. Эр-Рияд мунайдан гана көз каранды болгон экономиканы диверсификациялоо багытында реформа баштады.

XS
SM
MD
LG