Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында талапка жооп бербеген алты диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков “Азаттыкка” билдирди.
Маселен, Сузак районундагы “Сузак” жана “Алтын урпак” мекемелери кайрымдуулук уюму катары катталып, бирок каалоочу балдарга диний сабак берип келишкен. Аларга эгер билим бергиси келсе медресе катары каттоодон өтүп, андан кийин гана билим бериши керек экендиги эскертилип, жабылды. Эки уюм медресе болуп катталууга документтерин даярдап жатышат.
Мындан сырткары, Кызыл-Кыя шаарындагы “Азирети Али”, Ноокат районундагы “Султан Саркар”, Кара-Суу районундагы “Имам Аъзам”, Араван районундагы “Рустам Хаджи” окуу жайлары дин комиссиясынын талаптарына жооп бербегендиктен жабылды. Тагыраагы, аларда окуу шарттары, жатаканасы, мугалимдердин билим деңгээли жетишээрлик болгон эмес.
Мурзабековдун айтымында бул мекемелерди жабуу боюнча чечимдер Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, казыяттар менен чогуу кабыл алынган.
Буга улай текшерүү учурунда аталган үч облустагы 16 медресенин жетекчилерине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча расмий эскертүүлөр берилип, мөөнөтү белгиленген.
Кыргызстанда 102 медресе болсо, анын 48и Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет. Жабылган медреселер бул көрсөткүчкө кошулбайт. (ErN)