Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:04

Шакиров дарыгерлердин дооматтарын четке какты


Жыйындагы көрүнүш.
Жыйындагы көрүнүш.

Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мурдагы директору Айдарбек Шакиров өзүнө коюлган дооматтарды "жалган" деп четке какты. Ал “Азаттыкка” радиосуна сүйлөп жатып, ага нааразы болуп митингге чыккан дарыгерлер оптимизацияга көнбөй жатышканын билдирди.

- Мен ооруканада оптимизация кылып, реформаларды ишке ашырып жатам. Дарыгерлерди азайтып, айлыктарын 8 миңден 15 миңге көтөрдүм. Дарыгерлердин кабинеттерин бейтаптарга ыңгайлуу кылып өзгөрттүм. Алар ушуларга каршы чыгып жатат, - деди Шакиров.

Бүгүн, 8-январда бул бейтапкананын 60ка жакын кызматкери Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышкан. Алар бейтапкананын жетекчиси Айдарбек Шакировду жемкорлук боюнча айыптап, аны кызматтан алууну талап кылышкан. Дарыгерлердин бири Жибек Өмүрзакованын айтымында, Шакиров кызматкерлердин ар биринен ай сайын миң сомдон беш миң сомго чейин салык чогултуп келген жана тендерлерди мыйзамсыз өткөргөн. Нааразы тарап Айдарбек Шакировду жетекчи болгон 9 айдан бери 102 кызматкер мыйзамсыз иштен бошотулганын, салык төлөөдөн баш тарткандары кысымга кабылганын айтышкан.

Нааразы дарыгерлер менен саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жолугушуп, Айдарбек Шакировду кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгонун, жемкорлук боюнча кинелерге тиешелүү органдар баа бериши керек экенин билдирген. Мындан көп өтпөй Айдарбек Шакировдун 20га жакын тарапташы министрликтин алдына чыгып, аны кызмат ордунда калтырууну талап кылышты.

Фучик көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 400гө жакын врач жыл сайын 110 миңге жакын бейтапка медициналык жардам көрсөтөт. (UEz)

Дарыгерлер жетекчисине каршы чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

XS
SM
MD
LG