Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Түркмөнстанда бала бакчага барбаган балдар мектепке кабыл алынбайт


Түркмөнстандагы балдар.
Түркмөнстандагы балдар.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы кабарлагандай, кийинки жылдан тартып бала бакчага барбаган балдарды мектепке киргизүүдө кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн. Билим берүү министрлигинин жаңы талабы жөнүндө түркмөн бийлиги менен мамлекеттик ЖМКлар маалымат бере элек.

“Түркмөнстан хроникасы” билдиргендей, учурда баланы мектепке бериш үчүн жашаган жеринен маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, медициналык маалымкат, сүрөт, ата-энесинин иштеген жеринен маалымкат жана ошондой эле үч муундагы туугандары тууралуу маалымат талап кылынат.

Былтыр күзүндө Түркмөнстанда бала бакчалардын кызмат акысы он эсе көтөрүлгөн. Буга байланыштуу мектепке чейинки окуу жайларындагы балдар кескин азайган. Ал арада бийлик мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкерлерди балдарын бала бакчага берүүгө мажбурлап жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG