Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, Көк-Жар жаңы конушунун жашоочуларын газ түтүгүнө туташтыруу иши аяктады. Бүгүнтөн тартып конушка жаратылыш газы бериле баштайт.
Орусиянын “Газпром” компаниясы 2014-жылы “Кыргызгазды” карыздары жана милдеттенмелери менен кошо шарттуу түрдө 1 долларга сатып алган. Ал эми “Газпром-Кыргызстан” деп аталып калган.
Ошондон тартып ал Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарды көгүлтүр от менен камсыз кылуу программасын ишке ашырып келатат. Ушу тапта жалпы жонунан ондон ашуун конуш газ түтүгүнө туташты. (NT)