Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

ИИМ: Жергеталдыктар боюнча тасма 2016-жылы тартылган


Ички иштер министрлиги жерге-талдык жигиттердин сабалып жатканы тууралуу тасма боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин маалымат кызматкери Эрнист Осмонбаевдин айтымында, Интернетте талкууга түшкөн тасма 2016-жылдын февраль айында тартылган.

- Бул тасма 2016-жылдын февралында тартылган. Биз видео чыкканга чейин эле окуяны териштиргенбиз. Бирок сабалган жигиттердин ата-энеси тосмо арыз жазгандыгына байланыштуу аларды сабагандар жоопкерчиликтен бошотулган, - деди Осмонбаев.

Осмонбаев кошумчалагандай, окуя Панфилов районунун Панфилов айылында катталган. Анда 1999-жылы туулган жергиликтүү жигиттер Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан келген эки баланы аесуз сабашкан. Жергеталдыктар окуя боюнча милицияга даттанып, териштирүү башталганда "дообуз жок" деп тосмо арыз жазып беришкен. (UEz)

XS
SM
MD
LG