Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

БУУ Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизүүгө добуш берет


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизүү сунушуна 22-декабрда добуш берет деп күтүлүүдө. Эгер колдоо тапса, Түндүк Кореянын мунай импортуна кескин чектөө киргизилип, бул өлкөнүн чет жактагы жарандары мекенине кайтышы керек.

Түндүк Кореяга жаңы санкция киргизүү демилгесин АКШ көтөргөн. Бирок бул санкциялар президент Дональд Трамп талап кылган кескин чаралардан жумшагыраак деп каралууда. АКШ расмийлери Түндүк Кореянын мунай импортуна толугу менен тыюу салып, чет өлкөлөрдөгү расмий Пхеньянга таандык мүлктөргө бөгөт коюну сунуштап келишкен.

Түндүк Кореяга киргизилген санкциялар таасири башка өлкөлөргө караганда Кытай менен Орусияда көбүрөөк сезилет. Кытай Түндүк Кореяга мунай экспорттосо, Орусияда атайын программа аркылуу 35 миң түндүк кореялык мигранттар иштешет.

Ким Чен Ын башында турган Түндүк Корея бийлиги эл аралык айыптоолорго жана санкцияларга карабастан талаштуу өзөктүк жана ракета сыноолорун токтото элек.

XS
SM
MD
LG