Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 11 мүчөсү кармалды


"Хизбутчу" деп шектелген адамдын үйүнөн табылган адабияттар жана буюмдар. Сүрөт буга чейинки операцияларда, Кара-Сууда тартылган.
"Хизбутчу" деп шектелген адамдын үйүнөн табылган адабияттар жана буюмдар. Сүрөт буга чейинки операцияларда, Кара-Сууда тартылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Ички иштер министлигинин кызматкерлеринин биргелешкен операциясынын алкагында "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 11 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, кармалгандардын бири аталган уюмдун аймактагы лидерлеринин бири болуп саналат.

Кармалган жарандар - Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облусунун тургундары. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында алардын үйлөрүн тинтүү жүргүзүлүп, “Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна тиешелүү адабияттар, баракчалар жана дисктер табылган.

Бул факты боюнча кошумча ыкчам иликтөө жана тергөө иштери уланууда.

"Хизб ут-Тахрир" диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат. (ErN)

XS
SM
MD
LG