Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Ысык-Көлдө кыйноого каршы форум өттү


Каракол.
Каракол.

Ысык-Көлдө кыйноо боюнча арыздар көп түшүп жатат. Мындай маалымат Караколдо өтүп жаткан адам укугун коргоо форумунда айтылды. Укук коргоочу Камил Рузиевдин айтымында, облуста быйыл укук коргоо кызматкерлеринен кыйноо көргөнү боюнча 100дөн ашык киши кайрылган. Бирок укук коргоочу аларга карата жооптуу кызматтар жетиштүү иш алып барбай жатканын белгиледи.

- Бизге жыл башынан бери 15 арыз келип түштү. Жалпысынан кыйноого кабылган 100гө жакын адам кайрылган. Адам укуктарын коргоодо тийиштүү иш жүрбөй жатат десем болот. Анткени кайрылууларга жооп жок. Сотко иш жетпей кыскарат же соттун чечимдери жок. Бул маселенин алдын алыш үчүн форум өткөрүп жатабыз. Анда ар тараптуу кызматташтык үчүн бардык кызматтарды чакырдык, - деди Рузиев.

Иш-чарага прокуратура, милиция, медицина кызматкерлери, облустук бийликтин өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышууда. Анын жыйынтыгы менен атайын меморандум кабыл алынды.

Бул иш-чара 10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү. (AsM)

XS
SM
MD
LG