Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Кышкы Олимпиадага Кыргызстан спорттун эки түрү боюнча катышат


Бразилияда өткөн Олимпиададан көрүнүш.
Бразилияда өткөн Олимпиададан көрүнүш.

Түштүк Кореянын Пхенчхён шаарындагы кышкы Олимпиадага Кыргызстандан тоо лыжасы жана биатлон боюнча спортчулар катышат. Бул тууралуу Спорт, дене тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда тоо лыжасы боюнча кыргызстандык спортчулар Швейцария менен Австрияда, ал эми биатлон боюнча Орусияда машыгуудан өтүп жатышат.

XXIII кышкы Олимпиадалык оюндар 2018-жылдын 9-25-февралында Пхенчхён шаарында өтөт.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салган. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган кызытма программасы себеп болгону айтылган.

Ошондон кийин орусиялык айрым саясатчылар Борбор Азиядагы өлкөлөргө кайрылып, Орусияга тилектештик билдириш үчүн Олимп оюндарынан баш тартууга чакырган эле.

Бирок Кыргызстандын Спорт комитети мындай чакырыктарга көңүл бурбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG