Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Олимпиада комитети Орусияны жазалады


Кышкы Олимпиадалардын тарыхында өлкөнүн курама командасынын четтетилиши биринчи жолу болуп отурат. Орусиянын желегин көтөрүүгө, гимнин ойнотууга, униформасын кийүүгө уруксат берилбейт.

Орусиянын 2018-жылкы кышкы Олимпиададан четтетилишин кээ бир адамдар туура чечим деп колдосо, башкалары ачуулануу менен кабыл алды.

Допинг пайдаланбаган, “таза” спортчуларга нейтралдуу желектин алдында ат салышуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бирок Орусия Пхенчханг оюндарын бойкоттошу мүмкүн.

Бир катар өлкөлөрдүн допингге каршы улуттук агенттиктери, улуттук Олимпиада комитеттери Орусия командасынын февралда башталып жаткан Пхенчхангдагы оюндарга катышуусун чектөө чечимин кубатташты.

Австралия делегациясынын Олимпиададагы жетекчиси Ян Честерман пропорционалдуу чечим кабыл алынганын айтты:

- Азыркы дүйнөдө мындай алдын ала пландалган көз боёмочулукка, өзгөчө оюндарды кабыл алган өлкө тарабынан жасалышы өтө чоң эреже бузуу. Сочиде биз дал ошондой манипуляцияларга күбө болдук. Буга жооп да катаң болушу керек.

Кызытма боюнча ким чемпион?
Кызытма боюнча ким чемпион?

Ал эми Орусия бийликтери Эл аралык Олимпиада комитети 5-декабрда кабыл алган чечимди күткөнүн, анын артында саясат турганын билдиришти.

"Бул - Орусияны кемсинтүү. Муну жоопсуз калтырбайбыз. Убакыт келгенде эл аралык, арбитраждык соттор пайда болот", - деди Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский.

Орусиянын улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы Александр Жуков “күнөөсүз спортчуларды жазалоо адилетсиз жана адепке жатпайт” деди.

Бирок орус спортчуларынын нейтралдуу же Олимпиада кыймылынын желеги астында мелдештерге катышуусу боюнча пикирлер бири-биринен өтө айырмаланат.

Айрым аткаминерлер, спорт адистери кызытма колдонбогон спортчулар Түштүк Кореяга барышы керек дешсе, башкалары оюндарды толугу менен бойкоттоону туура көрүшөт.

Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров атүгүл Олимпиадага катышкандарды "чыккынчы" деп атоону сунуш кылды.

Жуков ошондой эле Пхенчханга барууга укук берилген спортчулар “Орусиялык Олимпиада атлеттери” деп аталышарын, муну толук нейтралдуу деп сыпаттоого болбосун белгиледи.

Төраганын айтымында, санкциялар оюндардын акыркы күнүнө чейин күчүндө калат, Олимпиаданын жабылышында Орусиянын желегин, башка мамлекеттик символдорун колдонууга, униформасын кийүүгө жана улуттук гимндин жаңырышына уруксат берилбейт.

Шейшембиде Лозаннадагы жыйында Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруучу кеңеши ошондой эле Орусиянын вице-премьери, мурдагы спорт министри Виталий Муткого, анын мурдагы орун басары Юрий Нагорныхка өмүрүнүн аягына чейин Олимпиадаларга барууга тыюу салды.

Пхенчхангдагы оюндарга Спорт министрлигинин бир да кызматкери бара албайт. Мындан тышкары Орусияны Олимпиада комитети допингге байланышкан иликтөөгө кеткен 15 миллион доллар чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Кышкы Олимпиадалардын тарыхында кызытмага байланыштуу бир өлкөнүн курама командасынын четтетилиши биринчи жолу болуп отурат.

Бул чечим Самуэл Шмид жана Денис Освалддын докладдарына таянып кабыл алынды. Освалддын комиссиясы орусиялык спортчулардын Сочиде 2014-жылы болгон Олимпиададагы допинг анализдерин бурмалоону иликтеген. Анын бүтүмүнөн кийин Орусия ондогон медалдардан жана жалпы биринчи орундан кол жууп калды. Бир катар спортчулар өмүрүнүн аягына чейин Олимпиада оюндарына катыша албайт.

Ал эми Шмиддин тобу Орусиянын Спорт министрлигинин допингге байланышкан мыйзам бузууларын кантип жаап-жашырганын текшерген. Бул комиссия азырынча өз тыянагын жарыялай элек.

2016-жылы Допингге каршы эл аралык агенттиктин (WADA) комиссиясы Орусиянын олимпиадалык түрлөрүнө катышкан спортчулары мамлекет өзү тескеген кеңири кызытма программасына камтылганын далилдеген.

Ал ишке бийликтеги адамдардан тышкары коопсуздук кызматкерлери да катышканы ачыкка чыккан. Атап айтканда, алар Сочидеги оюндар маалында позитивдүү анализдерди алмаштырып турчу.

Орусия бийликтери эң башынан бери эле допинг программасына мамлекет аралашкан деген бардык дооматтарды четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG