2-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө, Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз -4...+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...+4;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;
Нарында түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -8...-13;
Бишкекте кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы -1…+1°.