Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, тиешелүү чечим 13-ноябрда кабыл алынды. 23-ноябрда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
9-ноябрда жаңыдан шайланган Жалал-Абад шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болгон. Ага чейин шаардык кеңеш көп жолу жыйынга чогула алган эмес.
2016-жылдын 11-декабрында шайланган депутаттар мэр шайлоонун айланасында бириге албай, ушул жылдын апрель айында өзүн-өзү тараткан болчу. 28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, анда алты партия жеңишке жетишкен. (NT)