Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдын тогуз айындагы эсептөөсүндө Кыргызстандагы орточо айлык акынын өлчөмү 14 814 сом (212,8 доллар) деп жарыяланды. Бул 2016-жылдын январынан сентябрына чейинки маяна өлчөмүнөн 10,4% көп.
Айлык маяна кызмат көрсөтүү (23,4%), мейманкана, ресторан ишмердүүлүгү (21%), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк (16,9%), кайра иштетүү (12,3%) жана транспорт (12,3%) тармактарында көбөйгөн.
Ал эми 2017-жылдын III кварталында жашоо минимумунун суммасы киши башына алганда орточо эсеп менен 4855,15 сомду түздү. Ушул эле жылы январь-октябрь айларында керектөө баалары жана тарифтери (6,3 пайызга) Ош облусунда жана Чүй облусунда (0,9 пайызга) эң көп жогорулаган. (TSh)