Шаар борборунда үлпөт той учурунда башаламандык жаратып, милиция менен мушташып, 8-ноябрда камакка алынган 13 бала коомдук жумушка тартылууда.
Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
9-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Административдик кодекстин 364-беренесине ( бейбаштык, бийлик өкүлүнө кол көтөрүү) ылайык 13 адамды беш суткага, беш адамды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында 8-ноябрь кечки саат 17:00дөр чамасында патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери калаадагы парктын алдында үйлөнүү тойго келген жарандарды тартипке чакырган.
Милициянын маалыматында 15 чакты бала бул талапка көнбөй, каршылык көрсөтүп, тартип коргоо кызматкерлеринин “Ниссан” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын тепкилешип, материалдык зыян келтиришкен. Бейбаштык кылгандарды тартипке салуу максатында кошумча күч тартылып, баары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Окуя боюнча тергөө уланууда. (RsK)