Өкмөт премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда кыргыз-казак чек арасындагы абалды карайт. Ошондой эле бүгүнкү жыйында 2017-жылдын мамлекеттик бюджети жана 2018-2019-жылдар үчүн мамлекеттик бюджеттин божомолдору боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланат.
Ал эми экономика министри Артем Новиков жыл башынан берки социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча баяндама жасайт.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан бери мүчө.
Быйыл 10-октябрдан тарта Астана Кыргызстандан келип жаткан аткезчиликке каршы күрөш деген себеп менен кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдү күчөткөн. 29-октябрда кыргыз-казак чек арасында Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын саны 500дөй экени кабарланган. (ZKo)