Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Испаниянын Сенаты Каталонияда түз башкаруу киргизүүнү жактырды


Испаниянын Сенаты борбордук өкмөткө Каталонияда түз башкаруу киргизүүгө уруксат берди. Маселе 27-октябрда колго салынып, 214 депутат колдоду, жетөө каршы болду. Ошондой эле автоном аймагынын лидери Карлес Пучдемонду жана аткаруу бийлигинин башка мүчөлөрүн кызматтан алуу каралган. Анын алдында Каталониянын парламенти Испаниядан бөлүнүүнү колдогон. Бирок оппозициялык депутаттар добуш берүүгө катышкан жок.

“Парламент өкүлдөрү тарабынан көз карандысыздыкты жарыялоо тууралуу резолюцияны 70 киши колдоп, ону каршы болду. Эки добуш жараксыз”,- деди каталон парламентинин спикери Карме Форсадел.

Жободо эми автономиянын өз мыйзам долбоорлорун жазуу жана Испания менен кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган. Премьер-министр Мариано Рахой сабырдуулукка чакырып, аймакта мыйзам үстөмдүгү орнотуларын айтты.

1-октябрда өткөрүлгөн талаштуу референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогону менен, Мадрид аны мыйзамсыз деп атаган. Референдумга каршы көз карашын Евробиримдик да айткан.

Ошол эле маалда каталониялыктардын көбү добуш берүүнү бойкоттошкон. Бир да өлкө автономиянын эгемендик мүдөөсүнө колдоо көргөзгөн эмес.

XS
SM
MD
LG