Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Кыргыз-казак чек арасындагы абалдан чыгуунун "жол картасы" талкууланды


Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчыларынын Еревандагы сүйлөшүүсүндө чек арадагы абалды жөнгөрүүнүн "жол картасы" талкууланды. Өкмөттүн басма сөз кызматы 25-октябрда билдиргендей, 48 пункттан турган долбоорду иштеп чыгуу маселеси каралды. Өкмөт башчылар тийиштүү мекемелерге аны ыкчам түрдө аягына чыгарууну тапшырышты.

Бул боюнча мурдараак Астанада биринчи вице-премьерлердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр өткөн эле.

Исаков менен Сагинтаевдин сүйлөшүүсүнөн соң жолугушуу эки тараптан барган расмий делегациялардын катышуусунда кеңири курамда уланды.

Сүйлөшүүлөр Армения баш калаасында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында өтүүдө.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоого аралашып жатат деп казак бийлигин сындаган. 10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган. Андан бери абал бир жаңсыл чечилбей келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG