Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Бишкекте кыздардын эл аралык күнү белгиленет


Бүгүн башкалаада Балдардын укугун коргоочулар лигасы Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучулары менен бирге флэш-моб өткөрөт. Кыздардын эл аралык күнү 2012-жылы Канаданын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитилген.

Иш-чаранын максаты – кыздар дуушар болгон көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу, алардын укуктарын коргоо жаатында аракеттерди күчөтүү. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 6000 кыз 15 жашка чыга электе турмушка берилген. Психологдор эрте нике аялдар менен кыздардын саламаттыгына, аң-сезимине олуттуу коркунуч алып келерин айтып келишет.

Балдардын укугун коргоочулар лигасы кыздардын укуктарын коргоо максатында ЕККУнун колдоосу менен “Ийгиликтүү кыз - 2017” деп аталган лидерлик мектеп долбоорун ишке киргизген. Анда Чүй, Ысык-Көл, Ош облусунун тургундары өздөрүнүн жана теңтуштарынын укуктарын коргоону үйрөнүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG