Эл аралык карылар күнүнө арналган “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция 29-сентябрда борбор калаадагы Курманжан Датканын эстелигинин алдында уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.
Жармаңкеде Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан чогулган карыялар өздөрүнүн кийизден, териден жана башка нерселерден жасалган улуттук сувенирлерин, буюм-тайымдары жана кол эмгектерин сатыкка коюшат. Андан сырткары алар айыл чарба продукцияларын да сатыкка коюлат.
Акцияда ошондой эле шахмат, 100 метрге чуркоо, лотерея, гимнастика жана бий сынак-жарыштары өтөт. Улгайган адамдарга биринчи жардамды көрсөтүү боюнча дарыгерлер мастер-класстарды өткөрөт. Соңунда белгилүү ырчылардын концерти болот.
Иш-чараны AgeNet International эл аралык уюму мэрия менен биргеликте уюштурууда. Акциянын максаты борбордогу жана аймактарды карыларга кам көрүү, колдоо көрсөтүү жана пенсияга кошумча каражат табуусуна көмөктөшүү болуп саналат. (ErN)