«Жарандык платформа» коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарынын президенттик шайлоодогу үгүт иштерине катышып, ал эми парламенттин отурумдарына келбей жатканын сындап кайрылуу жолдоду. Алар кайрылуусунда парламент депутаттарын түздөн-түз мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен алектенүүгө чакырып, президенттикке талапкерлерди сүрөө үчүн мамлекеттик ресурстарды колдонуу мыйзамга жатпасын эскертишкен.
Кайрылуу ээлери шайлоо өнөктүгү башталгандан бери парламенттеги жалпы отурумдарга, комитеттердин, фракциялардын жыйындарында депутаттар толук курамда катышпай, "эл ишенип тапшырган милдеттерин аткарбай жатышат" деп билдирет.
Жогорку Кеңештин кээ бир фракция мүчөлөрү өздөрүнүн партиялаштарын президенттик шайлоодо колдоо үчүн жер-жерлердеги үгүт иштерине катышып, парламент отурумдарына келбей жатышканы тууралуу социалдык тармактарда, айрым маалымат каражаттарында айтылып жүрөт.