Жер титирөөдөн үйлөрү жабыркаган жарандарга май айынан бери жалпысынан 4121 тонна цемент жеткирилди. Августтун башынан бери 294 миң 500 даана кыш жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга кептелген. 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлгөн.
Табигый кырсыктан турак жайы жабыркагандарга мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан насыя акчалар 11-августтан тарта бериле баштаган.(ZKo)