Германиянын канцлери Ангела Меркел жаңы коалиция түзүү үчүн парламентке өткөн "Германия үчүн альтернатива" партиясынан башка бардык саясий биримдиктер менен сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди. Ал Берлинде 25-сентябрда өткөн маалымат жыйынында ашкере-оңчулдарга Германиянын саясатына таасир этүү мүмкүнчүлүгү берилбей турганын баса белгиледи.
Жекшембидеги шайлоодо мурдагыдан аз добуш топтогону менен парламенттеги экинчи ири партия макамын сактап калган социал-демократтардын лидери Мартин Шульц канцлер Меркелдин жаңы коалициясына кирбей турганын, оппозицияга кетерин жарыялаган. Бирок Меркел туруктуу өкмөт түзүү үчүн 20% добуш топтогон бул партия менен сүйлөшүү өткөрүшү мүмкүндүгүн четке каккан жок.
Ангела Меркел жетектеген Христиан-социалдык биримдиги бул шайлоодо бир нече миллион добушту жоготсо да, 33% добуш менен биринчиликти колдон чыгарган жок. Мындай жыйынтык Германияны 12 жылдан бери башкарган Меркелге төртүнчү ирет канцлер болууга мүмкүнчүлүк берди.
Ошентсе да бул шайлоодон кийин соңку жарым кылымда биринчи жолу ашкере-оңчул "Германия үчүн альтернатива" партиясы немис парламентине кирди.