Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Ким Чен Ын президент Трампка жооп кайтарды


Ким Чен Ындын кайрылуусу
Ким Чен Ындын кайрылуусу

Түндүк Кореянын лидери АКШнын президенти Дональд Трампты "акылдан адашкан" деп атап, анын Түндүк Кореяны "толугу менен жок кылабыз" деген сөзүнүн кесепети оор болорун билдирди. Ким Чен Ын 22-сентябрдагы билдирүүсүндө АКШ президенти "кимге сүйлөп жатканын эстен чыгарбоосун" да эскертти.

Президент Трамп 21-сентябрда Түндүк Кореяга киргизилген санкцияларды кеңейте турган буйрукка кол койгон. Андан мурдараак Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө АКШ жана анын шериктерине чындап коркунуч жаратса, Түндүк Кореяны толугу менен жок кылууну убада кылган.

Түндүк Корея Ким Чен Ын жетектеп турганда ондогон баллистикалык ракеталарын сынады. Сентябрдын башында суутек бомбасын сынаганын жарыялаган. Бирок БУУнун резолюциясына каршы келген мындай аракеттеринен улам расмий Пхеньян санкцияларга туш болгон.

XS
SM
MD
LG