АКШ Сенатынын Чалгын комитети президент Доналд Трамптын адвокаты Майкл Коэндин катышуусунда жабык өтө турган жыйындан баш тартты. Буга Коэндин 19-сентябрда курган маалымат жыйыны түрткү болду. Сенаторлор белгилегендей, Коэн коомдук билдирүүлөрдү жасабай турушу керек эле.
Маалымат жыйынында Коэн өзү да, президент Доналд Трамп да 2016-жылы өткөн президенттик шайлоо өнөктүгү маалында Москва менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн айткан.
Мурдагы британ чалгынчысы Кристофер Стил жарыялаган досьеде Коэн орус өкмөтү менен байланышып турганы, атургай Кремлдин расмий өкүлдөрү менен Прага шаарында 2016-жылдын август айында жолугушканы белгиленген.
Коэн бул маалыматты четке кагып:
- Мен эч качан Прагада, дегеле Чехия Республикасынын аймагында болгон эмесмин, - деди.
Ал Трамптын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду президенттин аброюна доо кетирүү аракети деп атады.
Коэн жакын арада ачык өтө турган угууларга чакырылары маалым болду.
Москва АКШнын ички саясатына кийлигишпегенин кайталап келет.
Ушул тапта Кошмо Штаттарда Орусиянын өткөн жылдагы АКШда өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөө иштери уланууда.