Ирак парламенти Күрт автономиясынын көз карандысыздык боюнча референдумун добуш берүү аркылуу четке кагуу менен премьер-министр Хайдар ал-Абадиге “өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү, күрт лидерлеи менен олуттуу диалог” баштоону тапшырды.
Ирак парламентиндеги добуш берүү учурунда күрт депутаттары жыйын залынан чыгып кетишти. Ал эми күрт автономиясынын лидери референдум өткөрүлүп, расмий Багдад менен сүйлөшүү мына ушундан кийин болорун билдирүүдө.
Жыйынтыгы укуктук күчкө ээ эмес референдум 25-сентябрга белгиленген. Ага расмий Багдад менен катар коңшу Иран, Түркия да каршы чыгып жатат.
Референдумга Багдаддагы борбордук өкмөттү дагы алсыратат деп чочулаган АКШ менен Евробиримдик да каршылык билдирген. Бирок Ирактагы күрттөрдүн лидери Масуд Барзани референдумдун зарылдыгын “күрттөрдүн укугун толук” камсыздоо боюнча башка аракеттерден майнап чыкпаганы менен түшүндүрүүдө.
Күрт аймагында 5,5 миллиондой калк бар жана ал автономия укугун 2005-жылы Иракты федералдык республикага айланткан Конституциянын негизинде алган. (UE)