Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:33

Шайлоо-2017: А.Бекназаров президенттикке талапкер катары катталды


Азимбек Бекназаров. 2016.
Азимбек Бекназаров. 2016.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Азимбек Бекназаровду президенттикке талапкер катары расмий каттады. Бул тууралуу аталган комиссиядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бекназаровду талапкер катары каттоо боюнча чечим БШКнын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Бекназаров президенттикке талапкер катары катталуу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн 30 миң адамдын колун топтоп, мамлекеттик тилден тест тапшырып, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөдү.

Жалпысынан расмий талапкер болуп катталгандардын саны бүгүнкү күндө жети киши. Буга чейин Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров жана Эрнис Зарлыковго күбөлүк берилген.

Алдыда дагы 17 кишинин документтери каралып, чечим чыгарылат. Акыркы тизме 9-сентябрда анык болот. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

Быйылкы президенттик шайлоо Кыргызстанда Ьашмыйзамга референдум аркылуу өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки алгачкы шайлоо. Кыргызстан парламенттик демократияга багыт алган өлкө. (BkA)

XS
SM
MD
LG