Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Үч партия биригип "Кайра жаралуу" деп аталды


Буга чейин Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодо биригип, бир талапкерге токтолорун айтышкан.
Буга чейин Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодо биригип, бир талапкерге токтолорун айтышкан.

“Өнүгүү-Прогресс, “Ата Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын жаңы аталышы боюнча сынактын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы, парламент депутаты жана президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу кабарлады:

- Сынакка түшкөн сунуштардын ичинен 20 эмгек тандалып алынган. Жаңы партиянын негиздөөчүлөрү Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана мен болуп тандоо жүргүздүк. Биз Алмаз Азимбеков аттуу жаран сунуштаган «Кайра жаралуу» (Возрождение) деген аталышка жана эмблемасына токтолдук.

Буга чейин аталган партиялар алдыдагы президенттик шайлоодо биригип, бир талапкерге токтолорун айтышкан. Бириккен партиянын аталышы боюнча сынак жарыялашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG