Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

Кабулдагы банкта жардыруу болду


Кабулдагы коопсуздук күчтөрү.
Кабулдагы коопсуздук күчтөрү.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы банктардын биринде жардыруу болуп, бир кишинин өмүрү кыйылды.

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Нажиб Даниш билдирди. Анын айтымында жардыруу 29-августта АКШ элчилигинин имаратынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Кабулдун Борбордук банкынын кире беришинде болду.

Жардыруу болгон тапта Курман Айт майрамына карата коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү банктан маянасын алып жатышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги калабада сегиз адам жарадар болгонун маалымады. Окуя үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир уюм өз моюнуна ала элек.

25-августта Кабулдагы шиилердин мечитине жасалган чабуулдан 28 киши набыт болуп, 50дөн ашыгы жарадар болгон. Ал кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму алган.

XS
SM
MD
LG