Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Орусия Тажикстан мектептерине мугалимдерди жиберет


Согди облусундагы мектеп окуучулары.
Согди облусундагы мектеп окуучулары.

Орусия Тажикстандын орто мектептерине 1-сентябрда отуздай мугалимди жиберүүнү боолгоп жатат. Мамлекет тарабынан каржыланган, "Орус дүйнөсү" кору 22-августта маалымдагандай, Кострома, Кемер облустарынан, Башкортостан, Дагестан жана Татарстан жумурияттарынан Тажикстанга бара турган мугалимдер орус тилдүү мектептерде математика, физика, информатика, биология, химиядан сабак беришет.

Мугалимдердин айлык маянасы 74 миң рубль (1250 доллар) болоору мерчемделүүдө. Анын 60 миңин Орусия тарап, калганын Тажикстан төлөйт. Агартуучуларды тажик тарап үй-жай менен камсыздайт.

Ошондой эле фонд тараткан маалыматка ылайык, Москва Душанбеге 20 тонна окуу китебин жөнөтөт. 8,5 миллион калкы бар Тажикстанда орус тилин билгендердин саны соңку кездери кескин кыскарып кеткени Москваны тынчсыздандырып келет.

XS
SM
MD
LG