Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

Кытай элчилиги студенттерге виза ачууга көмөктөшүүнү убада кылды


Кытай элчилигинин алдында турган студенттер
Кытай элчилигинин алдында турган студенттер

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги виза ачтыра турган студенттерге жаңы окуу жылы башталганга чейин үлгүрүп калууга жардам берет. Бул тууралуу кечээ Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеевдин Кытай элчиси Сяо Цинхуа менен жолугушуусунда айтылды.

Элчи азыр бир күндө 60ка чейин студент кабыл алынып жатканын жана Кытайдын жогорку окуу жайларына окуганы кетип жаткан бардык кыргызстандык студенттерге виза ачып берүүгө колдон келген аракет көрүлөрүн белгиледи.

Былтыр Кытайдын Бишкекте жайгашкан элчилигине террордук чабуул жасалып, автоунаа менен кирип барган жанкечти өзүн жардырган. Дипломаттардан эч ким жабыркаган эмес. Ошондон кийин коопсуздук чаралары өтө күчөтүлүп, Кытайга виза алуу маселеси татаалдаган.

Бул күндөрү виза ачууга кезек күтүп жаткандардын саны бир нече жүзгө жеткенине кабатырланган ата-энелер балдары кетпей калабы деп кооптонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG