Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

БШК: 59 адам президенттикке талапкер болууга арыз берди


БШКнын 1-августка маалыматына караганда, президенттик кызматка ат салышууну көздөп жалпы 59 киши арыз берди. Анын 48и өзүн өзү көрсөтсө, он бирин саясий партиялар сунуштаган.

Арыздарды кабыл алуу 31-июлда түнкү саат 12де токтоду.

Шайлоо мыйзамына ылайык, эми президенттикке көрсөтүлгөн жаран 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөп, шайлоо фондун ачып жана мамлекеттик тилди билгени боюнча тест тапшырышы керек. Андан кийин БШК 15-августтан тарта аларды талапкер катары каттай баштайт.

Учурда президент болгусу келгендер кыргыз тилден сынак тапшырып жатышат. Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрга белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG